Кыргызстандагы энергетикалык реформаларга 14 миллиард доллар керектелет

Кыргызстандагы энергетикалык реформаларга 14 миллиард доллар керектелет.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн “Энергетика тармагын трансформациялоо” форумунда билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 70 пайызга жакыны ишке ашпай калууда.

Маселени чечүү үчүн министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 гигаваттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады.

Жакын арада Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат.

Суу сактагычтын көлөмү да 6 миллиард куб метрге чейин көбөйөт. Эгерде Токтогул ГЭСине салыштырсак, Камбар-Ата электр энергиясын 1,5 эсеге көп өндүрөт, — деди Акылбек Жапаров.