Валюта серпилүүсүнөн дүйнөнүн эң бай адамдары миллиарддардан кол жууп калышты. Эң чоң соккуну франциялык бизнесмен Бернар Арно алды. Бир күндө эле ал 6 миллиард долларын жоготту.
Ошондой эле, миллиарддары менен Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос, америкалык ишкер Уорен Баффетт жана Фейсбуктун башчысы Марк Цукерберг коштошту. Орточо эсеп менен алардын ар бири 4-5 миллиард доллардан жоготту.