Токмокто дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод ачылды

Токмокто дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод ачылды. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, учурда ишкана тесттик режимде иштеп жатат, анын толук кандуу ачылышы жыл аягына белгиленди.

 

Анда 180 адам жумуш менен камсыздалды. Завод саатына 2 миң тонна эски дөңгөлөктөрдү кайра иштетип, пластик, текстиль жана башка материалдарды өндүрөт.

 

Долбоорду ишке ашырууга 19 миллион доллардан ашык жумшалган.