Чоң-Алай районунун Кызыл-Эшме айылы таза суу менен камсыздалды.
Долбоорду ишке ашырууга чет элдик донорлор колдоо көрсөтүштү.
Анын алкагында 600 миң сомго пластикалык суу түтүктөрү сатып алынды.
Система деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктиктен тартылды.
Иштерди жергиликтүү тургундардан 42 адам жүргүзүштү.
Аларга маяна катары ар бирине 150 килограмм ун жана 15 литр май берилет.