Жакынкы аралыкта банкрот болгон ишканалар боюнча  сайт ишке кирет

Жакынкы аралыкта банкрот болгон ишканалар боюнча  сайт ишке кирет.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, учурда банкроттук иштер боюнча

департамент автоматташтырылган системаны тесттик режимде иштетип жатат.

Системанын негизги максаты – банкрот ишканалар боюнча кагаз түрүндө маалымдама

сурап-билүүлөрдү жокко чыгаруу. Алсак, мамлекеттик сатып алуулардын порталындагы

тендерлерге катышуу үчүн ишканадан банкрот же банкрот эместиги тууралуу маалым кат керек.

Мурда аны Юстиция министрлигинен, соттордон жана башка мекемелер

аркылуу алыш керек болср, эми бардык маалымат бир жерге чогулат.