Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргөн сел 2,5 миңден ашык үйдү каптады

Ушул жылдын жаз айынан бери Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жүргөн сел 2,5 миңден ашык үйдү каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын орун басары Эделбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, 649 үйдү суу каптап, анын ичинен 61 имарат жашоого жараксыз абалга кептелсе, 100ү капиталдык оңдоого муктаж болду.

Селден келтирилген жалпы чыгым 174 миллион сомду түздү.

Табигый кырсыктан жабыркаган жарандарды колдоо үчүн бюджеттен 52 миллион сом бөлүндү.