Твиттерде жакында жаңы функция пайда болот

Твиттерде жакында жаңы функция пайда болот.

Ал учурдагы 280 сөздүн ордуна 2,5 миң сөздөн турган узун пост жазууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин узун текст түзүү үчүн авторлор бир эле темадагы твиттер тизмегин түзүшкөн.

Опция качан бардык колдонуучуларга жеткиликтүү болоору тууралуу маалымат жок.

Белгилүү болгондой, азыр курал чектелген сандагы колдонуучулар арасында сыналууда.