Кыргызстандын футбол боюнча курамасы сауд арабиялык “Аль-Наср” клубуна утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы сауд арабиялык “Аль-Наср” клубуна утулуп калды. Биздин футболчулар кечээ достук беттеш өткөрдү. Жолугушуу 1:0 эсебинде арабиялык футболчулардын пайдасына жыйынтыкталды.

 

“Аль-Насрдын” жалгыз голу 82-мүнөттө биздин дарбазага кирген. Эми 12-сентябрда Кыргызстан курамасы экинчи достук беттеш өткөрөт. Атаандаш – Кувейттин курама командасы.