Кыргызстандын мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты өтүп жатат.
Билим берүү министрлиги буга чейин эскерткендей, мектептеги иш-чарадан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынат. Ал эми Ички иштер министрлиги ата-энелерди балдарына машине бербөөгө чакырат.
Белгилеп кетсек, быйыл 9-11-класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун окуучу аяктайт. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрүп жатат.