Жыл башынан бери Кыргызстанда айрым азык-түлүк баасы арзандады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.
Алсак, өсүмдүк майы 14 пайыз, биринчи сорттогу ун дээрлик 9 пайыз, кант 4 пайызга арзандады. Мындан тышкары 92-үлгүдөгү бензиндин жана дизелдик отундун өздүк наркынын төмөндөшү байкалды.
Баалар өкмөт айрым товарларга кошумча нарк салыгын нөлгө түшүргөнүнө байланыштуу өзгөргөнү белгиленди.