Кыргызстанга чет мамлекеттерден акча которуу азайды

Кыргызстанга чет мамлекеттерден акча которуу азайды. Улуттук статистика комитети жылдын 5 айына саресеп салды. Ага ылайык, чет жактан өлкөгө 699 миллион доллар которулду.

 

Бул былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу аз. Которуулардын 97 пайызы Россияга туура келет. Анда иштеген кыргызстандык мигранттар мекенине 679 миллион доллар которушту.