Россиянын Саратов облусунда 30 жаштагы аял өзүнө өзү турмушка чыкты

Россиянын Саратов облусунда 30 жаштагы аял өзүнө өзү турмушка чыкты. Муну менен ал “Качан күйөөгө тиесиң?” деген тажатма суроолорду токтотууну каалаган.

 

Ал нике шакегин салынып, эми мен күйөөгө тийдим деп кыйкырып, колукту гүлүн ыргытты. Мындай өзгөчө тойго ал жакын санаалаштарын гана чакырган. Ал 5 жыл чогу жашаган мурдагы жигити аны куттуктоого келген эмес.