Криштиану Роналду кийинки сезондо дагы “Аль-Наср” клубунда ойной турганын жарыялады. Форвард бул сезондо утулуп калганына карабай, чемпиондукту багындырууга багыт алганын белгиледи.
Буга чейин Роналду “Аль-Наср” менен келишимди бузгусу келип жатат деген маалыматтар тараган. Бул учурда спортчуга чоң суммадагы айып төлөөгө туура келмек.
Эске салсак, Роналду Сауд Арабиялык клубка өткөн жылы которулган. Футбол жылдызынын “Аль-Насрдагы” жылдык маянасы 200 миллион еврого барабар. Келишим 2025-жылга чейин түзүлгөн.