Ленин округундагы кайра шайлоого 31 адам арыз берди

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого 31 адам арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, алардын баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.

 

Кайра шайлоого арыздарды кабыл алуу бүгүн, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт. Добуш берүүнүн өзү 10-сентябрга белгиленген.

 

Белгилеп кетсек, жарандар өздөрүн тизмеден 30-августка чейин текшере алат. Болжолдуу тизме “Тизме” порталында жайгаштырылган. Кандайдыр бир так эместиктер болсо, шайлоочулар арыз менен БШКга кайрылууга укуктуу.