“Куланак” ГЭСинин курулушуна 88 миллион доллар бөлүнөт

“Куланак” ГЭСинин курулушуна Евразия өнүктүрүү банкы жана кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 88 миллион доллар бөлөт. Алар менен Каржы министрлигине караштуу Каржы-кредит фонду кепилдик келишимин түздү.

 

Объект Нарын облусунда жайгашат. Бийлик долбоор аймактык жана республикалык масштабга ээ экенин белгилейт. Негизинен энергетикалык коопсуздук камсыздалып, отун ресурстарына көз карандылык азаят деп күтүлүүдө.

 

Жаңы ГЭСти 2025-жылдын аягына чейин ишке берүү пландалууда. Ага жалпысынан 128 миллион доллар керектелет.