Ливанда аза күтүү күнү жарыяланды

Бүгүн Ливанда аза күтүү күнү жарыяланды.

Бул кечээ Бейрутта катталган окуяга байланыштуу. Акыркы маалымат боюнча,

80 адам каза таап, 4 миңге жакын жаран жарат алды. Жарылуунун толкунунан

эпицентрден бир нече чакырым алыстыкта жайгашкан үйлөрдүн терезелери урап түштү.

Ливандын премьер-министри Хассан Дияб жарылуунун себеби 2,5 тоннадан ашык аммиак

селитрасы сакталып турганы менен байланыштуу деп түшүндүрдү. Аталган жүк бир нече жыл

мурда кайыктан конфискацияланган. Аммиак селитрасы пиротехника өндүрүүдө пайдаланылат.

Ошондой эле азоттук жер семирткич катары колдонулат.