Өлкөдө жумуш издеп катталгандардын саны 8,6% кыскарды

Кыргызстанда иш менен камсыз кылуу кызматтарында жумуш издеген жаран катары каттоодо тургандардын саны 1-мартка карата дээрлик 88 миң адамды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга аз экенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

 

Жумушсуз катары расмий катталган адамдардын саны 65 миңден көбүрөөк, алар былтыркыга караганда 12% азайган. Жумушсуздардын 44 пайыздан көбүн аялдар түзөт.