Эми туристтер камсыздандыруудан өтүшү керек

Эми Кыргызстанга келген туристтер медициналык камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул тууралуу «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков билдирди.

 

Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстанга келген туристтердин агымы көп болууда, алар камсыздандыруунун маанилүүлүгүн билип, аны талап кылышууда. Ал белгилегендей, Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаңы механизмдерди иштеп чыккан.

 

«Эми биз туристтерди милдеттүү түрдө камсыздандырууну талап кыла баштадык. Бизде жайкы эс алуу гана эмес, кышкы туризм да жакшы өнүгүп жатат. Кандайдыр бир окуя болгон учурда мамлекет камсыздандыруу боюнча жардам көрсөтөт», — деди Калдарбеков.