Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель убактылуу жабылып турат

Мал айдап өтүүгө байланыштуу Төө-Ашуудагы туннель убактылуу жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жай мезгили келип, малчылар жана чабандар мал-жандыктары менен Суусамыр өрөөнүндөгү жайлоолорго чыга баштады.

 

Буга байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында тактап айтканда, Көлбаев атындагы туннель 15-20 мүнөткө чектелип турат.