Индияда эркек сүйүктүүсү менен жолугушуу үчүн бүтүндөй кыштакты жарыксыз калтырды. Ганешпур айылынын тургуну электрик болуп иштейт, ал бир нече жумадан бери электр энергиясын атайын өчүрүп турган.
Мунун себеби – ал сүйлөшкөн кызы менен жолугушууларын эчким көрбөшүн каалаган. Муну билген айыл аксакалдары кыз-жигитти тез арада баш кошууга аргасыз кылышты.