Бишкектин абасынын булгануусу боюнча жаңы изилдөө жарыяланды

Бишкектин абасы негизинен турак жайларды жылытуу үчүн колдонулган көмүрдүн айынан булганат. Бул тууралуу Финляндиянын метеорологиялык институту Бириккен Улуттар Уюму үчүн даярдаган изилдөөсүндө айтылат.

 

Эксперттер Бишкек ЖЭБинин абанын абалына кошкон салымы 10 пайызга жетпегенин аныкташкан. Тактап айтканда, морлордун бийиктигинен улам түтүн шаардын чегинен алыс тарайт.

 

Изилдөөчүлөр бул багытта чара көрүлбөсө, 2040-жылга чейин аба ого бетер начарлай турганын белгилешти.