“Манас” эл аралык аэропортунда жаңыланган бизнес-зал ачылды. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аэропортто орун алган бизнес-зал 81 адамга ылайыкташкан, эл аралык каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрү үчүн жеткиликтүү.
Бизнес-зал аэропорттун стерилдүү зонасында үчүнчү кабатта жайгашкан.