Кыргызстанда тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт

Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде тарых сабагы 3D форматында окутула баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев билдирди. Анын айтымында, бул аракеттер 1,5 жылда ишке ашып калат.

 

Министр кошумчалагандай, учурда «Кыргыз тарыхынын» 40 томдугу чыгарылып жатат жана мындан ары жаңы тарыхый табылгаларга стипендия берилет.