Миң-Куштагы «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо башталды

Бүгүн, 1-августта, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Процесске президент Садыр Жапаров видеобайланыш режиминде көз салып турган. Тактап айтканда, ал автотранспорт менен жүк ташууну уюштуруу процессин жана эрежелердин сакталышын карап турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, Миң-Кушта «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее» деп аталган төрт калдык сактоочу жай бар. Маалыматта КМШ аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн 2013-жылдан тартып «ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык программасы ишке ашырылып жатканы айтылат.
Аталган программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Кыргызстандын ӨКМи менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.
«2019-жылы Кажы-Сай айылындагы калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо аяктады, бүгүнкү күндө иштер толугу менен бүткөрүлдү жана участок радиациялык-коопсуз абалга келтирилди. Бүгүнкү күндө «Как» объектисинде рекультивациялык иштер жүргүзүлдү, калдык сактоочу жай коргоочу катмар менен жабылган жана азыр ага эч кандай коркунуч жок, ал эми «Талды-Булак» «Дальнее» калдык сактоочу жайына көчүрүлүп жатат, бул иш 2023-жылдын күз айларында бүткөрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Адистердин маалыматы боюнча, Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайлардын ылдый жагындагы жер көчүшү мүмкүн. Эгер ал жылып кетсе, Миң-Куш, Көкөмерен жана Нарын дарыяларына кошулган Туюк-Суу дарыясынын кууш өрөөнүн тосуп калат. Радиоактивдүү заттары бар калдык сактоочу жай бузулуп, суу капташы ыктымал.