Ош шаарында Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, жолдун эки тарабындагы оңдоо жумуштары 20 күндө аягына чыгат деп пландалууда.
Белгилеп кетсек, Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрө 1983-жылы колдонууга берилип, ошондон бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.