Нарын облусунда “социалдык келишим” долбоору менен быйыл 600 аз камсыздалган үй-бүлө камтылат

Нарын облусунда “социалдык келишим” долбоору менен быйыл 600 аз камсыздалган үй-бүлө камтылат.

 

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

 

Анын айтымында, ар бирине жеке ишкерлик ачуу үчүн 100 миң сомдон тапшырылат. Жалпысынан, долбоорду кеңейтип Кыргызстан боюнча 10 миң үй-бүлөгө каржылык колдоо көрсөтүү пландалууда, — деди министр. Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору өткөн жылы киргизилип, 3 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген.