Окуучулардын мектепке келип билим алышына азырынча эрте

Окуучулардын мектепке келип билим алышына азырынча эрте. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жарыялады. Өлкө башчынын айтымында, республикада эпидемиологиялык абал дале кооптуу.

 

Балдар окууга, тыныгуу учурунда оюнга алаксып, санитардык эрежелерди этибарга албай калышы мүмкүн.

 

Республикалык штаб абалды толук анализдеп, дистанттык окутуу режимин узартуу чечимин кабыл алган.  Билим берүү министрлигинин этап менен кадимки окууга кайтуу сунушу эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот, — деди Жээнбеков.