Түркиянын Элазыг шаарына Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулат

Түркиянын Элазыг шаарына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулат.

Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Элазыг шаарына болгон иш-сапарынын алкагында маалым болду.

Элчинин Элазыгга болгон сапарынын алкагында маданият жана адабият ишмерлеринин, журналисттердин, ошондой эле аталган шаарда жашаган кыргыз жарандарынын катышуусунда Айтматовду эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элазыг аймагынын маданият жана адабият өкүлдөрү тарабынан даярдалган кыргыз жазуучусунун 2007-жылы Элазыгда болгону жана Хазар поэзия фестивалына катышканы, анын урматына сейил бак ачылганы тууралуу документалдык тасма көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган сейил бакка биргелешип жазуучунун эстелигин орнотууну макулдашышты.