Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду

Ошто 18 жаштагы жоокер кокусунан чыккан октон көз жумду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя 6-декабрда болгон.
Чек ара кызматынын алдын ала маалыматы боюнча, ыкчам кызматтын аскери Э.Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен алган жараатынан жоокер каза болгон.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.