Улуу Британияда 100 жыл мурда чөгүп кеткен кеме табылды. Суучулдар тобу 1917-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Германиянын кемеси тарабынан чөктүрүлгөн америкалык “Жейкоб Жонс” кемесинин ордун аныкташты.
Тарыхчылардын айтымында, кеме 8 мүнөттүн ичинде чөгүп кеткен жана андагы 110 адамдын 46сы гана жээкке чыга алган. 1 миң тонналык кеме тез арада чөгүп кеткендиктен анын турган жери 100 жылдан ашык сыр болуп келген.