Баткен облусундагы куралдуу жаңжалга байланыштуу бюджеттен 497 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшекеева билдирди.
Анын айтымында, каражат жарандарды коопсуз жерге көчүрүүгө, аларды тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоого багытталат. Эске салсак, 16-сентябрдын таңында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталып, Лейлек, Баткен райондору жабыркады. 163 адам жабыркап, 59 киши каза тапты. Дээрлик 137 миң адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болду.