«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө жардам берилет

Келерки жылы «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө жардам берилет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, сумманын өлчөмү өзгөрүлбөйт, башкача айтканда 100 миң сомду түзөт.

 

Мындан тышкары, «Социалдык келишимдин» негизинде өз ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзгөн үй-бүлөлөргө мамлекеттик банктар тарабынан 200 миң сомго чейин пайызсыз, кайтарымдуу насыя берүү долбоору каралууда.