Оштун коомдук транспортунда жол кирени эми “Элкарт” картасы менен төлөсө болот

Оштун коомдук транспортунда жол кирени эми “Элкарт” картасы менен төлөсө болот.

 

Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, система шаардын троллейбустарында жана №13 каттамдагы автобустарында киргизилди.

 

Жакынкы арада аталган карта менен ISUZU автобустарында дагы төлөсө болот. Андан тышкары, Ош мэриясы коомдук транспортто уюлдук тиркемелер аркылуу жана башка банк карталары менен дагы төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү пландап жатат.