Парламент “чет элдик өкүл” долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 22-февралдагы жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Документке 64 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

 

Парламенттин отурумунда айрым депутаттар долбоор кабыл алынса билим берүү, гендердик теңчилик жана социалдык маселелерди чечүү боюнча иштеген уюмдарга кедергисин тийгизе турганын айтышты.

 

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

Башта Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу берилип, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. Кийин ал үч жылдан беш жылга чейин кыскартылып, 20-февралда кылмыш жоопкерчилиги толук алынып салган.

 

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Россиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

 

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Россиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Россиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

 

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.