Кыргызстанда COVID-19га чалдыккандардын саны азая баштады.
Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет.
Анын айтымында, вируска чалдыккандардын саны азайышы оорунун токтогонун билдирбейт.
Андыктан жарандар санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоону улантууга тийиш. Белгилеп кетсек,
Кыргызстанда коронавирус жалпысынан 33 миң 296 адамга жукту.
1 миң 301и каза тапса, 21 миң 205 бейтап айыгып чыкты.