Кара-Кечеден Бишкекке көмүр вагон менен ташылып келе баштады

Кара-Кечеден Бишкекке көмүр вагон менен ташылып келе баштады. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, вагон менен алып келинген көмүр 3 миң сомдон сатылат.

 

Мындай жеткиликтүү баада ордо калаа тургундары кара отунду Мурманский көчөсүндө жайгашкан кампадан ала алышат.

 

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кече көмүрү 3 миң сомдон сатыларын убадалап, отун ушул баа менен бериле баштаган. Бирок арзан көмүр аз-аздан келип, кезекке тургандар көбөйгөн.