Премьер-лиганын дебютанты “Мурас Юнайтед” футбол боюнча Кыргызстандын Кубогуна ээ болду.
Финалдык беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Жалал-Абаддык клуб “Абдыш-Атаны” 2:1 эсебинде утуп алды.
Бул жеңиш “Мурас Юнайтед” клубуна 2024-жылы Кыргызстандын Супер кубогу үчүн беттеште ойноого, ошондой эле АФК Кубогунун 2024-жылкы сезонуна тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк берет.