Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.
Окуя 16-сентябрда Мендерес аймагында болгон, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөнү маалымдалды.
Бир кыргызстандыктын абалы канааттандыраарлык, ал тиешелүү дарылануу алып жатат, дагы экөөнү издөө иштери уланууда.