Эл аралык жүк ташууларды жеңилдеткен мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты

Кыргызстандыктар үчүн эл аралык жүк ташууларды жеңилдеткен мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо тапты.

Унаа жана жолдор министрлигинин орун басары Таабалды Тиллаев белгилегендей, документ жүк ташуу процессине санариптик технологияларды киргизүү, мамлекеттердин мамлекеттик чек аралары аркылуу автотранспорттордун өтүүсүн жөнөкөйлөтүү жана эл аралык автотранспортто жүктөрдү автомобиль транспорту менен жеткирүү убактысын тездетүү максатында иштелип чыккан.