Түркия өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү.
Республикалык штабдан билдиришкендей, бүгүнтөн тартып учак менен,
30-декабрдан тартып транспорт аркылуу келген ар бир жүргүнчү акыркы
72 сааттын ичинде коронавирус жок экенин тастыктаган ПЦР-тестин көрсөтүшү керек.
Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болорун өлкөнүн саламаттык сактоо министри
Фахреттин Кожа жарыялады. Белгилеп кетсек, учурда Түркияда
коменданттык саат иштеп жатат, Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынды.