Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абадда алгачкы ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды.

 

Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер аянты бөлүнгөн.

 

Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Турак-жай 639 батирден турат.