Россиялык “Спутник V” вакцинасынын бир бөлүгү Чүй облусу жана Бишкек боюнча бөлүштүрүлдү

Россиялык “Спутник V” вакцинасынын бир бөлүгү Чүй облусу жана Бишкек боюнча бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда калган бөлүктү аймактарга жөнөтүү суроосу чечилип жатат. Жеринде вакцинаны туура сактоо үчүн керектүү жабдуулар бар.

 

Белгилеп кетсек, атайын муздаткычтардын жетишсиздигинен улам, Бишкекте “Спутник V” вакцинасы менен эмдөө №2, 6 жана 7-үй-бүлөлүк медицина борборлорунда гана жүрүп жатат. Жалпысынан россиялык вакцинанын 60 миң дозасын жеткирүү боюнча макулдашуу жетишилген. Кийинки партиялар майдын башында алынып келет.