«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына башкы директор болуп Азамат Сакиев дайындалды.

Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Анын талапкерлигин өкмөткө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган.

Ишкананын мурдагы башкы директору Василий Дашков коррупцияга айыпталып

учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ал мамлекетке келтирген зыяндын

жалпы көлөмү 1,5 миллиард сомдон ашканы белгиленет.

Азамат Сакиев 32 жашта, жогорку окуу жайды Малайзиядан бүтүрүп,

менеджмент адистигине ээ болгон. «Кыргыз темир жолу» ишканасында

эмгек жолун 2019-жылы баштаган. Соңку убакта материалдык-техникалык

камсыздоо боюнча филиалынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүн жетектеп турган.