Салык органдары 31-августта кадимки тартипте иштейт

Салык органдары 31-августта кадимки тартипте иштейт. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, салык төлөөчүлөр мүлк салыгы боюнча суроолор болсо бул күнү да кайрыла алышат.

 

Эске салсак, 1-сентябрда автоунаа, турак жай, батир жана үлүш жерлерге салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Кечиккендер айып пул жана ар бир күн үчүн туум төлөйт. Административдик айыптын өлчөмү жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сомду түзөт.