Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, жер силкинүү 2-ноябрга караган түнү саат 00:05те болгон.
«Ал Жети-Өгүз районунун Саруу, Кызыл-Суу, Жалгыз-Өрүк, Дархан айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кошумчалады.