Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды

1160921 21.06.2012 Флаг Киргизии на здании посольства Киргизии в Москве. Алексей Ничукин / РИА Новости

Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин быйыл

өтө турган парламенттик шайлоого карата Анталияда дагы шайлоо тилкеси

ачылары айтылган. Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликтин жана

Стамбулдагы Башкы консулдуктун имаратында ачылган участкаларда гана добуш

берип келген. Белгилеп кетсек, расмий эсепте Түркияда 20 миң кыргызстандык бар.

Алардын көпчүлүгү Анталия, Измир жана Алания аймактарында жашап, иштейт.