ИИМ туристтик сезондун башталышы менен Ысык-Көлдө тартипти коргоону күчөтөт

Ички иштер министрлиги туристтик сезондун башталышы менен Ысык-Көлдө тартипти коргоону күчөтөт.

Ага ылайык, аймактык башкармалыктарга эс алуучуларды алдамчылык жана жеке мүлкүн уурдоо фактыларынан коргоо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, инспекторлор жол кыймылынын коопсуздугун катуу көзөмөлгө алып, коомдук жайларды, көчөлөрдү, эс алуу жайларын күнү-түнү күзөтүп турушу керек.