Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга жакындады

Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун 8-апрелге карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда кызамык (корь) жуктургандардын саны 7 864 адамга жетти. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында.   Мекеме оорунун жайылышына кызамыкка каршы пландуу эмдөөдөн баш тарткандар негизге себеп болуп жатканын билдирди. Буга чейин президент… Кененирээк…

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 8 миң адамга чукулдады

Кыргызстанда 8-аперлге карата кызамык оорусунун 7 миң 864 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактикалык борборунан билдиришти.   Аймактар боюнча бөлүштүрө келгенде, Бишкек шаары боюнча 2 599, Ош шаарында 464, Ош облусунда 1 226, Баткен облусунда 214, Чүй облусунда 1 836, Жалал-Абад облусунда… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкекте дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылды.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал №10 Үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгашкан. Бул жерде өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу препараттар 10-15% арзан жана дарылардын кеңири ассортименти бар.

Бишкекте кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды

Бишкектеги №2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда кезектеги мамлекеттик дарыкана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   «Эл Аман» дарыканасы эң зарыл болгон дары-дармектердин кеңири ассортиментин сунуштайт. Бул жерден препараттарды башка аптекаларга караганда 10-15%га арзан сатып алса болот.

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандар 6,5 миңден ашты

Кыргызстанда жыл башынан бери кызамык (корь) жуктургандардын саны 6 545 адамга жетти. Бул тууралуу маалымат Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун расмий сайтына жарыяланды. Илдетке чалдыккандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында. Эң аз учур Нарында катталып, аймакта илдетти жуктургандар 72 адамды түзгөн. Оорунун тарашынын… Кененирээк…

Аймактарда жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда

Кыргызстандын бардык аймагында жүрөк-кан тамыр хирургиясы борборлорун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Ал белгилегендей, учурда бул маселе министрлер кабинетинде каралып жатат.   Борборлор катуу кармаган миокард инфарктынын жана башка жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга тез жардам көрсөтөт, — деди… Кененирээк…

Эмдөө албаган балдар мектепке жана бала бакчаларга кабыл алынбайт

Эмдөө албаган балдар мектепке жана бала бакчаларга кабыл алынбайт.   Санэпидем көзөмөл борборуна караштуу иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова билдиргендей, өткөн жылы балдардын арасында кызамык жайылгандыктан, айрым мектептер, бала бакчалар жабылган учурлар катталган.   Андан улам, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Санэпидем көзөмөл борбору санитардык буйрук… Кененирээк…

Улуттук госпиталдын базасында да мамлекеттик дарыканалар ачылды

Улуттук госпиталдын базасында да мамлекеттик дарыканалар ачылды. Саламаттык сактоо министрлигинен эске салышкандай, «Эл Аман» дарыканалары калкка өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган, жеткиликтүү баадагы дары-дармектердин түрүн сунуштайт.   Белгилеп кетсек, учурда республикада жалпысынан 77 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат.

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандар азайууда

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандар азайууда.   Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 11-марттан 17-мартка чейин өлкөдө алты миңден бир аз ашык учур катталган. Бул мурунку жумага салыштырмалуу дээрлик 57 пайызга аз.   Көбүнчө 14 жашка чейинки балдар ооруп жатат. Дарыгерлер тумоо… Кененирээк…

Сокулук районунун тургундары ден-соолугун акысыз текшерте алат

Сокулук районунун тургундары ден-соолугун акысыз текшерте алат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусунун аталган аймагында көчмө диагностикалык комлекс иштеп жатат.   Анын курамында дарыгерлер, анализ тапшырууга лаборатория, компьютердик томография, операциялык блок, рентген аппарат жана башкалар бар. Комплекс Сокулук районунда 3 ай иш алып барып,… Кененирээк…