Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында эртеңден тарта 11-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Таш кулатуу иштерине байланыштуу жол эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы шарт.

Жалал-Абадда жер көчүп, бир үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чкалов айылында жер көчтү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 7 миң куб метрди түзөт.   Жеринде адистер тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, 1 турак жайга кооптуулук жаралганы аныкталган. Андагы үй-бүлө жергиликтүү бийликтин берген эскертмесинин негизинде көчүрүлдү.   Маалымдалгандай,… Кененирээк…

Ысык-Көлдө коомдук эс алуу жайлардагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ысык-Көлдө коомдук эс алуу жайлардагы коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Киргизилген чараларга патрулдук кызматты күчөтүү, унаалардын техникалык абалына көзөмөл, ошондой эле тоолуу аймактарда коопсуз жүрүм-турум эрежелери боюнча эс алуучулар арасында маалымат кампаниясын жүргүзүү кирет.

Жол инспекторлору майрам күндөрү Бишкекке кирген унааларды текшерет

Жол инспекторлору майрам күндөрү Бишкекке кирген унааларды текшерет. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кечкисин шаарга кире бериш жайларда атайын күзөттөр орнотулуп, эс алуудан келе жаткан унаалардын баары текшерилет.   Айрыкча мас болуп унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.   Мындай чара майдагы майрамдарда… Кененирээк…

Милиция бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май майрамдарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 10-майга чейин алар жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздайт.   Ага ылайык, мекеменин борбордук аппаратында өздүк курамдын кызматка даярдыгы текшерилди.

Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

Бишкек – Ош унаа жолунун 441-чакырымына түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.   Эске салсак, бүгүн күндүзгү саат 1:30дар чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун аталган тилскесине таш кулап, каттам убактылуу жабылган.

Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май майрамдарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 1-майдан 10-майга чейин алар жарандардын коомдук коопсуздугун камсыздайт.   Ага ылайык, мекеменин борбордук аппаратында саптык кароо өтүп, кызматкерлердин кийген формасынан тарта, кызмат учурундагы колдонулуучу каражаттары жана өздүк курамдын кызматка… Кененирээк…

Бишкекте беш курулуш компаниянын объектилеринде иш токтотулду

Бишкектеги курулуш компаниялары 29-апрелге чейин өз объекттерине атайын техниканын дөңгөлөктөрүн жууган пункттарды орнотууга милдеттендирилген. Мэриядан билдиришкендей, буйрукту аткарбагындыгы үчүн беш компаниянын объектилеринде курулуш иши токтотулду.   Рейддик иш-чаралар улантылат. Буга чейин ордо калаадагы курулуш компанияларына 60тан ашык жазма буйрук берилген, — деп айтылат маалыматта.

Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулар алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү… Кененирээк…

Сузакта жер көчкү түшкөн аймак тазаланууда

Сузакта жер көчкү түшкөн аймак тазаланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына карашту Калмак – Кырчын – Канжыга жолуна жер көчкү түшкөн. Анын айынан Балыкчы – Жалал-Абад альтернативдик жолу убактылуу жабылып калган.   Жолдогу кооптуулукту жоюуга оор техникалар тартылып, тазалоо иштери… Кененирээк…