Таласта турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Түркиянын «Адам укугу жана эркиндиги» гуманитардык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Рисала” коомдук фонду тарабынан каржыланды.

 

Кайрымдуулук иш-чара «Көмүр жардамы» долбоорунун алкагында уюштурулуп, күтүлүп жаткан суук аба ырайына карата 120 үй-бүлөгө 15 каптан көмүр таркатылды.